Ата – дөөлөт, таянар тоо. Ата ордолуу шаар. Өмүр деген улуу дайранын башаты атадан башталат. Ошондуктан атанын касиети эбегейсиз зор. Кудай Таала атага ошондой жаратмандык кудурет күчтү, зор шыбаганы берип койгон. Кыргыз элинде: “Атанын назарынан калба”, “Атаңа наалат келтирбе” деген накыл сөздөр бар. Бул улуу сөздөр. Атанын насаатын укпаган, аны урматтап сыйлай албаган балдардын келечеги жок. Андай балдардын ырыскысын жараткан Алла Таала кемтик кылып коёт. Анткени атасын нааразы кылган пенде эзели өсүп-өнүкпөйт. Андайлар Кудайдын каарына калат.
- Атанын ар бир айткан сөзү таберик. Аны асыл буюмдан, казылган казынадан артык баалоо керек.
- “Атанын сөзү – акылдын көзү”
- Сенин атаңа кылган мамилени көрүп өскөн балаң кийин сага да ошондой мамиле кылат
Эгемберди Эрматов