Аптанасаат: “Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт”

Автор

Бул ирет Азирети Усмандын насааттарын сунуштайбыз:

1. Дүйнө үчүн кайгыруу – жүрөккө караңгы, акырет үчүн кайгыруу – жүрөккө нур.

2. Заманды салыштырбаган тагдырларды тааный албайт жана келечек күндөрдүн эмне убада кылганын да биле албайт.

3. Эң чоң жоготуу – акырет сапары үчүн азык камдалбаган узун өмүр.

4. Бүткүл иштер Аллахтын буйругу менен болгонун билсе да, колунан чыгарып ийгендиги үчүн капалангандарга таң калам.

5. Кылган күнөөлөрүңөрдү кандай жашырсаңар, кылган жакшылыктарыңарды да ошондой жашыргыла.

6. Албетте, дүйнө убактылуу. Акырет болсо түбөлүктүү. Убактылуу болгон силерди кутуртуп, азгырбасын, түбөлүктүү болгонго тоскоол болбосун. Силер убактылууну эмес, түбөлүктүүнү тандагыла.

7. Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт.

8. Такыбаалык – Аллахтын азабына карата калкан жана Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн арачы.

9. Эгер жүрөгүңөр чын эле таза болгондо, Куран окуганга тоймок эмессиңер.

Цитаталар “Төрт хадифадан насаат” китебинен алынды

Бөлүшүү:
Next Post

Эмчек рагы деген эмне?

Эмчек рагы – эмчек клеткаларынан пайда болгон залалдуу жаңы шишик болуп саналат. Бул эркектерде да кездешсе да, аялдарда эң кеңири тараган рак оорусунун бири. 1. Себептери жана тобокелдик факторлору: – Генетика: Тукум кууган мутациялар, өзгөчө BRCA1 жана BRCA2 гендеринде, эмчек рагына чалдыгуу коркунучун кыйла жогорулатат. – Жаш: Эмчек рагына чалдыгуу […]

Сизге жагышы мүмкүн