Аптанасаат: Аз сүйлөөнүн пайдасы жөнүндө

Автор

Низами:
Аз сүйлөөнүн пайдасы жөнүндө:
Адамга сөз суудай керек – кептин чыны,
А бирок кээде оозду жапкан – болот мыкты.
Талаш жок – суу жан сергитет,
А бирок ким көп ичсе – так секиртет.
Издеп-таап нускалуу сөз берметин,
Акак таштай жарык кыл жердин бетин.
Шоола чачкан сөзүң менен сыймыктан,
Нак берметин издеп тап асыл таштан.
Көз уялткан ак бермет, билип жүргүн,
Дүйнөгө жарык чачат миң бир түркүн.
Хансарайын кулпуртат бир ажайып,
Майда уну дартка дабаа шыпаа болуп.
Асманда жылдыздыр эсепсиз жамырайт,
А бирок адамзат Күнгө гана таазим кылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Сарымсактын пайдалары

Сарымсак тамак жасоодо жана элдик медицинада кеңири колдонулган өсүмдүк. Бул пияз тукумуна таандык жана анын мүнөздүү жыты жана даамы менен белгилүү болуп саналат. Сарымсактын пайдасы: 1. Иммундук колдоо: Сарымсактын курамында иммундук системаны бекемдөөгө жардам берүүчү антибактериалдык жана вируска каршы касиетке ээ болгон аллицин кошулмасы бар. 2. Жүрөк-кан тамырды коргоо: Сарымсак […]

Сизге жагышы мүмкүн