Аптанасаат: Аз сүйлөөнүн пайдасы жөнүндө

Автор

Низами:
Адамга сөз суудай керек – кептин чыны,
А бирок кээде оозду жапкан – болот мыкты.
Талаш жок – суу жан сергитет,
А бирок ким көп ичсе – так секиртет.
Издеп-таап нускалуу сөз берметин,
Акак таштай жарык кыл жердин бетин.
Шоола чачкан сөзүң менен сыймыктан,
Нак берметин издеп тап асыл таштан.
Көз уялткан ак бермет, билип жүргүн,
Дүйнөгө жарык чачат миң бир түркүн.
Хансарайын кулпуртат бир ажайып,
Майда уну дартка дабаа шыпаа болуп.
Асманда жылдыздыр эсепсиз жамырайт,
А бирок адамзат Күнгө гана таазим кылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Медитация иммундук системаны бекемдейт

Медитация иммундук системаны бекемдейт, анткени ал стресстин деңгээлин төмөндөтөт. Сиз медитация кылганда кортизолдун (стресс гормону) өндүрүшү азаят жана денедеги сезгенүү да азаят. Мындан тышкары, изилдөөлөр көрсөткөндөй, үзгүлтүксүз медитация табигый өлтүргүч клеткалардын (иммундук системанын негизги “согушкерлери”) активдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле организмди вирустардан жана бактериялардан коргогон антителолордун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Натыйжага […]

Сизге жагышы мүмкүн