Адам канча жолу өлөт? – деп сурашыптыр бир даанышмандан.
-Үч жолу өлөт.
Биринчи жолу ар-намысын жоготкондо,-деп жооп бериптир.
-Андан кийинчи?
-Экинчи жолу өмүр-суусу түгөнүп, жүрөгү токтоп калганда өлөт,-дептир.
-Үчүнчү жолу болсо: – Артында баскан изи жоголуп, аны жер үстүндө бир дагы адам эстебей калганда биротоло өлөт, -деп жооп бериптир.