Аптанасаат: «Адам болуу – Баатырдык»

Автор

Бир окуучу согушту жек көрүү сезимин билдирип ыр жазыптыр. Атасы аны окуп: “Уулум, сен согушту көргөн жоксуң да!?” – дейт.

– Бирок мен согушту көргөндөрдү көрбөдүмбү ата!?-деп жооп бериптир баласы.
* * *
Өлүм коркунучтуу деле эмес. Чындап келсе бүткүл өмүрүңдүн максаты татыктуу өлүмгө умтулуу экендигин билип койгон артыкбаштык кылбас.
* * *
Кайгыны кубаныч коштойт, кубанычтан кайгы жаралган учурлар да аз эмес. Турмуш ошол кайгы-кубанычы менен таттуу, жаркын. Эгер жашоо-турмуш жалаң эле кубанычтан, же кайгыкападан турса, анда ал кызыксыз болуп калмак.
* * *
Ата-бабалар жасаган иши, айткан сөзү менен бизге нелерди гана үйрөтпөдү. Ал эми биз балдарга бир нерсе үйрөтө алдыкпы!? Же терс жүрүм-турумубузду көрсөткөнүбүз аз келгенсип, азыркылар бузулду, – деп кайра аларды күнөөлөп коюп эле басып жүрөбүзбү?
* * *
“Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, – деген кыргыз насааты не деген гана Улуу сөз!? Бул жамы журттун биримдигин, ынтымак-ырашкерлигин сактоо үчүн жеке, майда трагедияларды садага чапкан акылмандыктын, даанышмандыктын белгиси, улуттук идеологиянын жеткен чеги эмеспи. Мындан өткөн айкөлдүк да, улуулук да болбос?
* * *
Кыргыздын кеңеш сураган ишке так жооп айтпай анча көңүлдөнбөгөндүгүн, каяшасын, макул эместигин купуя билдирген сөзү – “өзүң билчи”. Билгенге “аны жасабай эле койсоңчу”, – деген сөз.
* * *
Бирөөнүн ийгилигине өзүнүкүндөй кубанып, башканын кайгысын өз жүрөгүнөн өткөргөн адам гана пенделиктен өтүп адамдык даражага жетет окшойт.

* * *
Эгерде сени бирөө айбан десе, ага анча деле арданба. Андан көрө ошол сөздө чындыктын үлүшү канча экенин ойлон.
Ысмайыл КАДЫРОВ жазуучу

Бөлүшүү:
Next Post

Эң пайдалуу үч жемишти белесизби?

Адамдын организмине эң пайдалуу үч жемишти билесизби? Алар: 1. Капуста – С жана К витаминдерине, ошондой эле антиоксидантка бай. Капуста тамак сиңирүүнү жакшыртат, иммундук системаны колдоп, сөөктөрдү бекемдөөгө жардам берет. 2. Кызылча – темир, С витамини жана фолий кислотасы көп. Кызылча кан айланууну жакшыртууга, организмди детоксикациялоого жана жүрөктүн саламаттыгын сактоого […]

Сизге жагышы мүмкүн