Аптанасаат:  «Адам  болуу – Баатырдык»

Автор

Бир окуучу согушту жек көрүү сезимин билдирип ыр жазыптыр. Атасы аны окуп: “Уулум, сен согушту көргөн жоксуң да!?” – дейт.

– Бирок мен согушту көргөндөрдү көрбөдүмбү ата!?-деп жооп бериптир баласы.

* * *

Өлүм коркунучтуу деле эмес. Чындап келсе бүткүл өмүрүңдүн максаты татыктуу өлүмгө умтулуу экендигин билип койгон артыкбаштык кылбас.

* * *

Кайгыны кубаныч коштойт, кубанычтан кайгы жаралган учурлар да аз эмес. Турмуш ошол кайгы-кубанычы менен таттуу, жаркын. Эгер жашоо-турмуш жалаң эле кубанычтан, же кайгыкападан турса, анда ал кызыксыз болуп калмак.

* * *

Ата-бабалар жасаган иши, айткан сөзү менен бизге нелерди гана үйрөтпөдү. Ал эми биз балдарга бир нерсе үйрөтө алдыкпы!? Же терс жүрүм-турумубузду көрсөткөнүбүз аз келгенсип, азыркылар бузулду, – деп кайра аларды күнөөлөп коюп эле басып жүрөбүзбү?

* * *

“Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, – деген кыргыз насааты не деген гана Улуу сөз!? Бул жамы журттун биримдигин, ынтымак-ырашкерлигин сактоо үчүн жеке, майда трагедияларды садага чапкан акылмандыктын, даанышмандыктын белгиси, улуттук идеологиянын жеткен чеги эмеспи. Мындан өткөн айкөлдүк да, улуулук да болбос?

* * *

Кыргыздын кеңеш сураган ишке так жооп айтпай анча көңүлдөнбөгөндүгүн, каяшасын, макул эместигин купуя билдирген сөзү – “өзүң билчи”. Билгенге “аны жасабай эле койсоңчу”, – деген сөз.

* * *

Бирөөнүн ийгилигине өзүнүкүндөй кубанып, башканын кайгысын өз жүрөгүнөн өткөргөн адам гана пенделиктен өтүп адамдык даражага жетет окшойт.

* * *

Эгерде сени бирөө айбан десе, ага анча деле арданба. Андан көрө ошол сөздө чындыктын үлүшү канча экенин ойлон.

Ысмайыл КАДЫРОВ жазуучу

Бөлүшүү:
Next Post

Унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 […]

Сизге жагышы мүмкүн