Апрель айы тарыхтагы эң ысык ай болду
Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду. Муну европалык климаттык кызматтын маалыматтары тастыктайт. Рекорддор 11 ай катары менен коюлду. Эксперттердин айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби – күйүүчү майларды күйгүзгөндөн чыккан парник газдары. Бул кургакчылык жана суу ташкындары сыяктуу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө алып келет.
Жум Май 10 , 2024
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо комплексинде комуз формасындагы пирсти куруу долбоору өзгөрүүсүз ишке ашарын айтты. Бул тууралуу президент «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде билдирди. Анда президент социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 96 пайызы «комуз-пирс» курууга макул болушканын белгиледи. «Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. […]