Апрелде кыргыз-казак бизнес форуму өтөт

Автор

Астанада кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бизнес-форуму 17-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапары алкагында өтөт.
Ошондой эле, бизнес-форум Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү. Иш-чара кыргыз-казак бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана соода жана инвестициялык мамилелерди өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Ата мекендик компаниялар, ассоциациялар жана уюмдар бизнес-форумга жана көргөзмөгө катыша алат. Катталуу 4-апрелге чейин болот. Катталуу үчүн катышуучу тууралуу маалыматты 0555 92 88 89 (Whatsapp) номуруна жөнөтүү керек: фирманын аты-жөнү, катышуучулардын толук аты-жөнү, иш чөйрөсү, байланыш телефону”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: Футбол командаларын көбөйтүү каралууда

Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги(УЕФА) 2024-жылкы Европа чемпионатына ар бир команда көбүрөөк сандагы футболчуларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Дүйнөлүк спорт басылмаларынын маалыматы боюнча, УЕФА улуттук курама командалардын машыктыруучуларынын алдыдагы Евро-2024 үчүн командалардын курамы боюнча каалоолорун угуп, аны талкуулоого даяр. Квотаны 26 оюнчуга чейин кеңейтүү варианты сунушталды. Ар бир командага учурдагы 23 […]

Сизге жагышы мүмкүн