Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев ТИМ башчылыгына аттанышы мүмкүн. Мындай маалымат саясий тар чөйрөдө айтылып жатат.
Анын тышкы саясаттагы тажрыйбасы, иш билгилиги жана адамгерчилик касиети саясий чөйрөдө абройун арттырган. Үстүбүздөгү жылдын май айында аны Орус президенти “Достук” ордени менен сыйлады.
Ал 1990 -жылы Москвадагы Ломоносовду артыкчылык диплому менен аяктагандан бери дипломатия жаатында иштейт. 1992-1993-жылдары Токиодо, Япон борборунун базасында тилдик-дипломаттык стажировкадан өтүп, 1993-жылы
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын артыкчылык менен аяктаган. Анын тышкы иштер министрлигине дайындалышы Кыргызстандын тышкы саясаттагы кадырын бийиктетмек дегендер жок эмес.