Антуан Гризманн Франция курама командасынан кетти

Автор

“Атлетико Мадрид” клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн Франция курама командасынан кеткенин расмий жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
«Эстеликтерге толгон жүрөгүм менен мен жашоомдун бул бөлүмүн жаптым. Бул үч түстүү укмуштуу окуя үчүн рахмат жана жакында көрүшкөнчө”, – деп жазды Гризманн социалдык тармактагы баракчасына.
33 жаштагы Гризманн Франция курамасында 137 беттеш өткөрүп, 44 гол киргизген.
Гризманн 2018-жылы Дүйнө чемпиондугун жеңип алган, ошондой эле Евро-2016да күмүш байгеге ээ болгон, ал жерде ал мыкты оюнчу деп таанылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 2 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 25 тыйындан болсо, сатуу 84 сом 50 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 24 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн