Өткөн жекшембиде мөндүр аралаш нөшөр Анкаранын беш миллиондук тургундарына таасирин тийгизди. Суулар курьердик кызматтын машиналарын жана мотоциклдерин алып кетти. Эң кыйын абал түздүктө жайгашкан кварталдарда байкалууда. Ал жерде суунун деңгээли 70 сантиметрге жеткен. Коопсуздук максатында бийлик жер астындагы өтмөктөрдү жаап салган. Сыххие метро станциясында жүздөгөн жүргүнчүлөр калды.
Аймакта жамгыр бул жумада уланары айтылууда.