Улуту күрт Дилан Жашылгөз Нидерландиянын жаңы премьер-министри кызматына дайындалды. Ал 1977-жылы Анкара шаарында туулган. 2021-2022-жылдары Нидерландиянын Адилет жана коргонуу министри кызматын аркалаган. Премьер-министр Марк Рютте саясаттан кетүү боюнча чечим кабыл алгандан кийин ал жетектеген “Эркиндик жана Демократия” партиясын Дилан Жашылгөз жетектемей болду. Партиянын расмий сайты “Дилан Жашылгөз биздин жаңы лидерибиз”,- деп жазды.