Анкарада террористтердин биринин өздүгү ачыкталды

Автор

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая Анкарада болгон террордук чабуулдун аткаруучуларынын биринин өздүгү аныкталганын билдирди. Анын аты Али Орек, каймана аты Ройгер. Ал Күрд жумушчу партиясынын мүчөсү экени аныкталды. Министр ошондой эле чабуулга катышкан аялды да аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

23-октябрда Анкаранын Кахраманказан районундагы TUSAŞ авиазаводунун имараттын жанында жарылуу болуп, андан кийин куралчан жоочулар өтмөктөн кирип кетишкен. Алардын чабуулунан беш адам каза таап, 22 адам жаракат алган. Түркиянын Ички иштер министрлиги эки террористтин жок кылынганын кабарлады.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган террордук коркунучтарга каршы күрөш улантыла турганын убада кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ноябрь айында Бишкекте ипотекалык батирлер бериле баштайт

Бишкектеги 2 миң 500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта ипотекалык батирлер бериле баштайт. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада 9 миң 895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында “Ынтымак конушунда” 8 миң 100 батир салынып баштады. Белгилегендей, учурда өлкө боюнча 610 турак жайдын курулушу жүрүүдө. 32 миң 777 […]

Сизге жагышы мүмкүн