Анкарада теракта курман болгондордун саны 5ке жетти

Автор

Анкарадагы TUSAS аэрокосмостук компаниясына жасалган кол салууда курман болгондордун саны 5ке жетти. Дагы 22 адам жаракат алганын, алардын үчөө оорукандан чыгарылганын Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди.
Ички иштер министри террористтердин өздүгү жана кайсы уюмга тиешелүү экендиги тууралуу маалыматтар иликтөө иштери аяктагандан кийин жарыяланарын кошумчалады.
23-октябрдын кечинде авиацияны долбоорлоо жана модернизациялоо менен алектенген TUSAS компаниясынын штаб-квартирасына кире беришинде эки жарылуу болуп, атышуу башталган. Кол салууга катышкан эки согушкер жок кылынды.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Казандагы БРИКС саммитинде жүргөн. Ал кол салуу «толук көзкарандысыз Түркияга» каршы багытталганын айтып, Анкара террордук коркунучтарга каршы күрөшүүнү уланта берерин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жылуулук берүүнүн абалы айтылды

Бишкекте социалдык мекемелерге жана турак жайларга жылуулук берүү уланууда. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармармагы» муниципалдык ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00гө карата төмөнкү объекттер жылуулук түйүндөрүнө кошулду: медициналык мекемелер – бардыгы болуп 64, анын ичинен 39у кошулган – 61%; мектепке чейинки мекемелер – 87, анын ичинен 39у кошулган – […]

Сизге жагышы мүмкүн