Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгана карата “Айтматовдор: ата, бала” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Анкара университетинде башталды. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев билдирди.
Маалыматка ылайык,форумда Төрөкул Айтматов жана Чыңгыз Айтматов, ата бала байланышы, репрессия, тагдыр жана тарых жөнүндө сөз башкы маселеге айланды.
Конференцияга Кыргызстандан Роза Айтматова, Чынгыз Айдарбеков, Канатбек Абдыракматов, Осмонакун Ибраимов, Абдылдажан Акматалиев, Эсенбай Нурушев, Садык Алахан, Асан Акматов, Шавкат Исмаилов, Гүлзура Жумакунова ж.б катышууда.
Жыйында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эң жогорку сыйлыгы Алтын медалды Роза Айтматовага тапшырылды.