Американын Украинага жөнөтүлгөн аскердик жардамынан коррупция аныкталды

Автор

Жемкорлукту иликтөө боюнча Украинада Американын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия 57 фактыны далилдеген. Бирок, эки жыл ичинде анын 14 фактысы гана жыйынтыкталды. Пентагондун башкы инспектору билдиргендей, Украинага жөнөтүлгөн аскердик жардам көрсөтүү учурунда айрым кызматкерлер коррупцияга аралашкан. Алардын кээ бири камакка алынышкан.
Маселен, 2021-жылда АКШнын 7 аскери кээ бир подрядчылар менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, Румыниядагы аба базадан Украинага берилүүчү жардамдан жети тонна күйүүчү майды кымтып алышкан. Анын баасы 2 млн деп аныкталган.
Ошондой эле АКШнын коргонуу жаатындагы субподрядчынын румыниялык кызматкери транспорттук келишимдерди кызыкдар тарапка берип, алардан акча алып турганы далилденген. Пентагондогу көзөмөл кызматынын докладында 1,6 миллиард долларлык жардамдын жарымынан көбү эсепке алынбай калгандыгы, бул курал-жарактар уурдалып же, үчүнчү өлкөлөргө берилип кетиши мүмкүн экендиги айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: "Дүнүйөнүн адалы - сурак, арамы болсо - жан кейиткен азап"

Миң жыл жашаган Нух пайгамбар айткан экен: ” Ушунча өмүрүм, үйдүн бул эшигинен кирип, тиги эшигинен чыккандай эле болду.” Муса пайгамбар Жараткандан; ” Оо, Жаратканым, пенделериңдин арасынан досторуңду айтчы, мен аларды Сен үчүн жакшы көрөйүн” деп сураганда, Алла Таала: “Бардык кедейлер, кедейлер” деген тура. Мухаммад пайгамбарыбыз (Аллахтын дубай саламдары болсун) […]

Сизге жагышы мүмкүн