Америкалык хирург жана бир нече китептердин автору Энтони Юн белгилүү бир эрежелерди сактаса жашоо узак болот деп эсептейт.
Эксперттин айтымында, ал үчүн үч эреже сакталышы керек. Биринчиси тамактанууга тиешелүү. Юндун айтымында, тамактанууда 12ден 16 саатка чейин тыныгуу керек. Бул клетка ичиндеги жаңыланууну стимулдаштыруу үчүн зарыл.
Экинчи эреже, үзгүлтүксүз күч машыгуулары же жок эле дегенде, үч көнүгүү жасоо керек. Үзгүлтүксүз көнүгүү жасоодо негизги булчуң топторунун көпчүлүгүн иштейт.
Үчүнчү эреже – сапаттуу уйку. Уктоочу бөлмөдө караңгы пардаларды колдонуу жана бөлмөдөгү температураны 20 градуска чейин түшүрүү маанилүү.