Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, америкалыктардын арасында шайлоочулардын 68 пайызы Жо Байден кайра шайлануу үчүн өтө картаң деп эсептешет. 18 пайыз шайлоочулар андай ойлобойт. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 17 пайызы суроого жооп берген жок.
Жо Байден 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин расмий жарыялай элек. Анын айтымында, акыркы чечимин чыгара элек.