Индияда күндүн ысыктыгы 52.3 градуска чыкты. Жаңы Дели метеорология кызматы билдиргендей, асфальттар ээрип, калкка бир топ ыңгайсызыктар жаралууда.
“Мындай абал дагы улана берсе, өлкөдө таза суу тартыштыгы орун алышы мүмкүн”,- деп билдирди аталган ведомство. Ушул тапта күндүн ысыктыгы 2022-жылга салыштырмалуу рекордук абалга көтөрүлдү. Борбор шаарда 6 окуучу ооруканага жаткырылса, айрым аймактарда көз жумгандар бар. Мындан улам, бийлик жарандарын эшикке чыкпоого үндөп жатат