Ал жеңиши керек: Илон Маск эң маанилүү штаттардын бирине Трампты коштоп келди

Автор

АКШнын Республикалык партиясынан президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо алдындагы митингин улантуу үчүн Пенсильвания штатындагы Батлер шаарына кайтып келди. Буга чейинки митинг 13-июлда өтүп, ага кол салуу менен аяктаган.
Бул ирет митингде Х социалдык тармагынын ээси Илон Маск чыгып сүйлөп, чогулгандарды 5-ноябрдагы шайлоодо Трампты колдоого чакырды.
Бул шайлоо кампаниясы Трампка Пенсильваниянын шайлоочуларынын добушун алууга жардам бериши керек. Анткени бул штат шайлоо жыйынтыгын чечүүчү маанилүү аймактардын бири болуп эсептелет.
Дональд Трамп буга чейин Батлерге 13-июлда келген. Бул күнү ага кол салуу болгон. Бул ирет жанында ок өтпөс айнек турду. Анын тарапташтары тамашасына кол чабышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында 6-октябрда саат 19:11де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Михайловка айылынан 4 чакырым түштүк-батышта, Көк-Жаңгак шаарынан 7 чакырым түндүктө, Жалал-Абад шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышта катталган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн