“Аль-Наср” клубу Роналду менен келишимди узартат

Автор

“Аль-Наср” клубу 39 жаштагы чабуулчу Криштиану Роналду менен келишимин 2026-жылга чейин узартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазууда.
Маалыматка ылайык, тараптардын сүйлөшүү процесси келерки жайда башталат. Ал-Наср португалиялык футболчунун айлыгын көбөйтүүнү пландоодо. Роналдунун азыркы маянасы 200 миллион евро экени баса белгиленген.
Эске сала кетсек, бул сезондо Роналду бардык турнирлерде 44 беттешке катышып, 44 гол жана 13 пас киргизген. Футболчунун клуб менен учурдагы эмгек келишими 2025-жылдын жай айына чейин түзүлгөн. Transfermarkt порталында берилген маалыматка караганда, футболчунун базар баасы 15 миллион еврону түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский: Швейцариядагы саммитте тынчтык формуласынын үч пункту каралат

Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцариядагы саммитте үч гана пункт караларын, алардын арасында орус аскерлерин чыгарып кетүү талабы болбой турганын айтты. “Биз үч пунктту алганбыз. Өзөктүк коопсуздук, азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык багыт. Алмашуу эле эмес, Россия тарабынан уурдалып, Россияга күч менен алынып келинген балдарды кайтарып алуу да бар. Башкача айтканда, бул […]

Сизге жагышы мүмкүн