«Альфа Телекомдун» мурдагы жетекчиси колго түштү. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, «Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарын жогорулатылган баада сатылып алынганы аныкталган.
«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы башчысы тендерге катышкандар менен сүйлөшүп алып, кымбат баада IT-жабдууларын сатып алган.
Салыктарды эсепке албаганда келтирилген зыян 20 миллион сомдой зыян келтирилген.
КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Д.Б.Б. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.