Алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет

Автор

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт. Иш-чара саат 17:00дө болот.
Министрлер кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи пландаштырылган.
Анын алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет.
Муну менен алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кумар оюндарынан бюджетке канча салык түштү?

Үстүбүздөгү жылдын жети айында бюджетке оюн-зоок ишмердүүлүгүнөн 136 млн 888,7 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул кирешелердин негизги бөлүгү (129 миллион 92,2 миң сом) казинолордон түшкөн. Төлөнгөн салыктын көлөмү боюнча экинчи орунда букмекердик кеңселер турат. Быйыл январдан июль айына чейин букмекердик кеңселер салыкка 7 […]

Сизге жагышы мүмкүн