Алым Токтомушев: Карарган деңиз, агарган толкун

Автор

Мен турган тушта – сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, баралган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүт дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Бөлүшүү:
Next Post

20 жүргүнчүсү бар автобус сууга кулап, көз жумгандардын саны 7ге жетти

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепетинен көз жумгандардын саны жети кишиге жетти. Орус басылмалары өзгөчө кырдаал учурунда автобуста 20 адам болгонун жазышты. Алгач үч адам каза болгону кабарланган. Бирок кийинчерээк Россия Федерациясынын Тергөө комитети маалыматты жаңылады. Шаардык транспорт комитети 10-майда Такси компаниясынын автобусунун айдоочусу Большая Морская көчөсүнөн көпүрөгө бурулуп бара […]

Сизге жагышы мүмкүн