Алымкадыр Бейшеналиев, министр: “Жусупбек Коргонбай уулу эркек эмес экен”

Автор

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнө айтылган сындарга жооп берди. Анын айтымында, аталган депутат мындан бир нече ай мурда Матисаков аттуу дарыгерди Ноокат райондук ооруканага башкы дарыгерликке дайындоону суранган. Ал мурда бузуулар боюнча кызматтан кеткендиктен министр аны дайындоодон баш тарткан. “Ошондон бери мага өчөшүп жүрөт. Мен министр болгондон бери текшерип эле жатышат. Эгер Коргонбай уулу менин Дубайдагы жана Түркиядагы үй-мүлкүмдү тапса, ага белек кылам. Же, мени жамандап жүргөндөр издеп табышса, аларга ошол замат берем”,- деп айтты министр. Ал депутат Жусупбек Коргонбай уулунун эркек эмес экенин билдирип, “эркек болгондо, трибунада андай сөздөрдү айтпайт эле”,-деди.
Министр байлыгы боюнча азыноолак маалымат берди.
Аялынын 1994-жылкы CR-V унаасы бар. Өзүнө таандык болгон 6000 миң долларлык авто унаасын 18 жашка чыккан баласы минет. Кызы менен күйө баласы эскирген унаа менен жүрүшсө, чоң баласы унаасыз жүрөт. Эгерде депутат 570 Лексус унааларын тапса, токтоосуз белек кылаарын убадалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев: “Мамлекеттик ууру чиновниктер бай жашап, коомго таасирин тийгизбеши керек”

“Коомубуз аябай тартипсиз болуп кеткен. Рекеттер, ууру чиновниктер жана кримминалдык топтор пайда болгон. Ушул үч топ мамлекетте мафиялык топторду түзүшкөн. Мына, бүгүнкү күнгө чейин ошолордон арылалбай келатабыз”,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Ал Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт колледжинин абалы менен таанышып, окуучулар жана мугалимдер менен жолугушту. “Криминалдар коомду башкарбаш […]

Сизге жагышы мүмкүн