Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди

Автор

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.
Министр ар-намысын коргоо үчүн Ленин райондук сотуна кайрылган. Материалдык жана моралдык зыянга 10 миң сом доо койгон.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар экенин айткан. Эл өкүлү убагында Бейшеналиев кримтөбөл Рысбек Акматбаевге операция жасаганын, УКМК аны жоопко тартышы керектигин белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

“Евро-2024” чемпионаттынын финалистери аныкталды

Футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын негизги бөлүгүндө ойноо укугу үчүн плей-оффтун финалдык беттештери аяктады. Турнирдин акыркы катышуучулары Грузия, Украина жана Польшанын командалары болду. Ошентип, Евро 2024те төмөнкүлөр ойнойт: А тайпасы: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария; В тайпасы: Испания, Хорватия, Италия, Албания; С тайпасы: Словения, Дания, Сербия, Англия; D тайпасы: Польша, Нидерланды, […]

Сизге жагышы мүмкүн