Алымкадыр Бейшеналиев борбордогу чет элдик студенттери менен жолугушту

Автор

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда алардын окуусуна, коопсуздугуна жана ден соолукктары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Нетаньяхуну камакка алуу үчүн ордер сурады

Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Израилдин коргоо министри Йоав Галант жана ХАМАСтын үч лидерин камакка алууга ордер берүүнү талап кылды. Прокурордун билдирүүсүндө, Нетаньяху менен Галлант 2023-жылдын 8-октябрынан бери Газа тилкесинде жасалган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Прокурордун айтымында, ХАМАСтын үч лидери […]

Сизге жагышы мүмкүн