Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй-музейи толук оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышты.
Министрдин биринчи орун басары объектини оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкуловага ыраазычылык билдирди.
Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат, анын ичинен акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар.
Эске салсак, буга чейин музей кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн Бишкек шаарындагы үй- музейинде акыркы жолу 2000-жылы ремонт иштери жасалган. Кийинки жылдары бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан, шыбынан суу кирип, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.
Эске салсак, аталган үй 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү 1948-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга ушул үйдө узаган.