Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы азербайжан тилинде басып чыгарылат

Автор

Алыкул Осмоновдун кыргыз жана азербайжан тилдериндеги ырлар жыйнагы жарык көрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев менен Түрк маданияты жана мурасы Эл аралык фондунун президенти Актоты Райымкулованын жолугушуусунда айтылды.
ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын кыргыз жана азербайжан тилдеринде басып чыгаруу маселеси талкууланды. Ырларды азербайжан тилине котормосун акын, манас таануучу, Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти Адил Жамил даярдаган.
Актоты Райымкулова белгилегендей, Эл аралык фонд Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын басып чыгаруу демилгесин колдоп, эки түрк элинин маданиятын жакындатууга кызмат кылат. Бул басылма эки өлкөнүн маданий карым-катнашын өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп, түрк элдеринин каада-салттарын жана искусствосун урматтоону жана өз ара түшүнүүнү чыңдоого жардам берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасы: "Биздин катарыбызда да коррупционерлер бар"

Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты Араван районундагы стадиондун тең жарымын ээлеп алган. Өткөн жумада улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы мамлекетке кайтарганын, анын жалпы суммасы 350 млн сомду түзөөрүн Камчыбек Ташиев билдирди. “Достук” мейманканасынын 36 пайыз үлүшүн митаамдык менен ээлеп алышыптыр. Анын суммасы да, 300 млн сомдон ашык, кечээ ал да мамлекеттин […]

Сизге жагышы мүмкүн