Алты айда чет өлкөлөрдөн 297 кыргыз жаранынын сөөгү келди

Автор

Быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

«Жүк-200» алып келүү иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Британ бийлиги Гүлнара Каримованын Лондондогу сарайын жана эки батирин алды

Гүлнара Каримованын Улуу Британиядагы үч мүлкү  Лондондун престиждүү Белгравиа районундагы эки батир жана Суррейдеги хан сарай конфискацияланды. Мүлктүн жалпы баасы болжол менен 20 миллион фунт стерлингди түзөт. Тиешелүү башкармалык бул мүлк Гүлнара Каримованын үй-бүлөсүнүн Өзбекстандагы коррупциялык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражатка сатылып алынган деп эсептейт. Улуу Британиянын алдамчылык менен күрөшүү бюросу 2018-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн