Улуттук банктын алтын унцийи үч күндөн бери кымбаттоодо. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, Улуттук банктын алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуу баасы бүгүн, 9-июнда 177 миң 763 сомду түздү.
Бир күн мурда алтын куйма калктан 177 миң 600 сомго сатылып алынган, бул азыркыдан 163 сомго (1,86 доллар) арзан.
Белгилеп кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 180 миң 429,5 сомдон сатып алууга болот