Дүйнөнүн мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ» сыйлыгын тапшыруу аземинин датасы белгилүү болду. Бул тууралуу “France Football” журналынын Twitter баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2022/23-сезондун мыкты футболчусуна “Алтын топту” тапшыруу аземи 30-октябрда Париждеги Шателет театрында өтөт.
Мыкты футболчу наамына 30 талапкер көрсөтүлгөн.
2022-жылы франциялык чабуулчу Карим Бензема карьерасында биринчи жолу “Алтын топту” жеңип алган. Сыйлыктардын саны боюнча рекорд (жети) аргентиналык Лионель Мессиге таандык.
Эске салсак, “Алтын топту” France Football 1956-жылы Европанын жылдын эң мыкты футболчусуна (спорттук журналисттер тобунун пикирине таянып) сыйлык катары негиздеген.2010-жылы ФИФА менен France Football “Алтын топтун” бириккенин жарыялаган. Алтын топ жана ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу сыйлыктары (улуттук команданын капитандары жана машыктыруучуларынын добушунун негизинде аныкталат.) 2016-жылдын сентябрь айында France Football ФИФА менен өнөктөштүгүн аяктаганын жарыялап, алгачкы жылдын мыкты оюнчусу системасына кайтып келген.