«Алтын тамга»: Быйыл 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

Автор

Кыргызстанда быйылкы окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 68 окуучу Бишкек шаарынан, 20 окуучу Чүй облусунан, 17 окуучу Ош облусунан, 9у Жалал-Абад облусунан, дагы 9у Баткен облусунан, 8 окуучу Талас облусунан, 6 окуучу Ысык-Көл облусунан, 6 окуучу Нарын облусунан, дагы 6 окуучу Ош шаарынан болгон.
Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты.
«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча өттү. Тестти өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоо жүргүзүү, мектептеги билим берүүнү, стандартты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Бөлүшүү:
Next Post

"Ливерпуль" клубуна жаңы машыктыруучу келди

Англиялык “Ливерпуль” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп голландиялык Арне Слот дайындалды. Бул тууралуу команданын маалымат кызматы билдирди. 45 жаштагы Слот менен келишимдин шарттары айтыла элек. Бул кызматка Слот 2015-жылдан бери команданы жетектеп келген немис адиси Юрген Клопптун ордуна келди. Анын жетекчилиги астында “Ливерпуль” 2019-жылы Чемпиондор Лигасын жеңип, 2020-жылы 30 жылдан […]

Сизге жагышы мүмкүн