«Алтын тамга» аттестациясы 14-майда өтөт

Автор

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 14-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
«Алтын тамга» тестине жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.
Тестти өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоо жүргүзүү, мектептеги билим берүүнү, стандартты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.
«Алтын тамга» тести эне-тили жана адабияты (45 мүнөт), математика (70 мүнөт), Кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт), химия (60 мүнөт) предметтери боюнча өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ: Деменция менен ооругандардын саны 139 миллионго жетет

Өмүрдүн узактыгынын жогорулашына байланыштуу, жакынкы ондогон жылдарда деменция менен ооруган адамдардын саны да көбөйөт. Мындай жыйынтыкты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) чыгарды. Маалыматка караганда 2023-жылы дүйнөдө 55 миллиондон ашык адам акыл-эстин бузулушуна кабылган. БУУ даярдаган Дүйнөлүк бактылуулук баяндамасына ылайык, 2050-жылга карата деменция же Альцгеймер оорусу тастыкталган диагнозу бар адамдардын саны […]

Сизге жагышы мүмкүн