Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы «Сарай-Сай» кенинен 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталып, козголгон кылмыш иштин алкагында М.Д.З., М.А.Б. жана Ч.И.Б. кылтакка илиништи. Алар кылмыштарын моюндап, 27-июндагы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен экөө УКМКнын тергөө абагын бойлошту.
Мындай маалымат УКМК тарабынан кабарланды.