“Алтын калем” сыйлыгы чуу жаратты

Автор

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Жазуучулар союзу “Алтын калем” сыйлыгына ээ болгон жети калемгерге сыйлыгын ыйгарды.
Калыстар тобу проза жанрында Абдиламит Матисаковду, поэзияда Молдоакмат Бапаковду, драма боюнча Кыял Тажиеваны, балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиевди, котормо жаатында Таштанбек Чакиевди, адабий сын боюнча Үмүт Култаеваны жана орус тилинде жазылган чыгармалар боюнча Тыныбек Мейманалиевди жеңүүчү деп тапкан.
“Алтын калем” улуттук сыйлыгы үчүн жалпы жүздөн кем эмес калемгер ат салышты.
Жеңүүчүлөргө диплом, атайын статуэтка жана 100 000 сомдон акча таратылды. Бирок, айрым калемгерлер Молдоакмат Бапановду плагиаттыкка айыптап, Казак Эл акыны Мухтар Шахановдун ырынан көчүрүп алган деп айтып чыгышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек-Алмата жолунда калган жүргүнчүлөргө жардам жөнөтүлдү

Белгилүү болгондой, кечээ, 14-декабрда Бишкек-Алмата жолу катуу жааган кардан улам жабылган. Жамбыл облусунун Кордай районунун “Алма-Ата-Ташкент” боюнча багытында бороон болуп, 100дөн ашык унаалар жүргүнчүлөрү менен карда калышкан. Бүгүн, 15-декабрда Кыргызстандын өзгөчө кырдаал министрлиги коңшу мамлекетке жардам жөнөттү. Анда 39 куткаруучу, кар күрөгөн 2 унаа, 5 ири унаа, 1 Ниссан Пикап […]

Сизге жагышы мүмкүн