Алтын валюта кору боюнча дүйнөдө бешинчи болду

Автор

Россиянын алтын-валюта кору  май айында 11,6 миллиард долларга азайып, 584,2 миллиард  долларга жеткен. Москва эң ири эл аралык активдери бар экономикалардын ичинен Индияга төртүнчү орунду алдырды.

Индия менен Россия 2015-жылдан бери бул көрсөткүч боюнча атаандашып келет. 2022-жылы Москва Индиянын 532 миллиард долларына карата 540 миллиард доллар активдери менен төртүнчү орунга чыккан. Май айында Индия дагы 590,7 миллиард доллар активдери менен төртүнчү орунга жетти.

Кытай эл аралык резервдер боюнча өзүнүн узак мөөнөттүү лидерлигин сактап калды. Май айынын аягында өлкөнүн активдери 3,371 триллион долларды түздү. Экинчи орунда 1,254 триллион доллар кору менен Япония, үчүнчү орунда 886 миллиард доллар активи менен Швейцария турат. Алдыңкы ондукка  Сауд Арабиясы, Гонконг, Түштүк Корея, Бразилия жана Сингапур кирди. Германияны 11-орунга жылса, 12-орунда АКШ турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жолдорго күндөн коргоочу кремдер капталууда

Асфальт менен бетондун температурасы анын айланасындагы  ысыкка  маанилүү роль ойноодо.  Жолдор күн энергиясынын 95 пайызына чейин соруп, андан соң абага жылуулук берип, жалпы температурасын жогорулатып жатат. Бул  менен күрөшүү үчүн, америкалык иштеп чыгуучулар салкын жабууну сунушташууда.   Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай жабуу кадимки асфальтка караганда 5-6 градуска муздак. Мындай инновациялар аркылуу шаарды […]

Сизге жагышы мүмкүн