Алтын валюталык резерв деген эмне?

Автор

Өлкөнүн алтын валюталык резерви – бул алтындар, валюталык аманаттар, баалуу кагаздар. Аларды коопсуздуктун каржылык “жаздыкчасы” деп да аташат. Бирок бул дегенибиз каражаттын баары кыйын күндө, же айталы, пенсия менен айлыктарды жогорулатууга, болбосо Кыргызстандын тышкы карызын толугу менен төлөп салууга жумшаса болот дегенди билдирбейт.
Алтын валюталык резервдер – бул өлкөнүн эл аралык аренадагы төлөө жөндөмдүүлүгүнүн кепилдиги.

Алардын негизги милдети – улуттук валютанын туруктуу курсун кармоо. Башкача айтканда, өлкөнүн алтын валюталык резервдери сомдун чукул девольвациясына, анын кесепетиндеги баалардын өсүшүнө, демек, инфляцияга жол бербөө үчүн иштейт.
Мындан сырткары, Улуттук банк валюталык резервдерди колдонуу менен Министрлер кабинетине чет элдик валютадагы төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу милдеттерин аткарууга көмөктөшөт. Улуттук банк Министрлер кабинетинин колундагы сомду өз убагында алмаштырууну камсыздайт, жыйынтыгында өкмөт, айталы, эл аралык уюмдардагы мүчөлүк акыларын убагында төлөйт, чет жактагы мамлекеттик сатып алууларды жасоого, тышкы карыз боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.
Өлкөнүн алтын валюталык резервдери улуттук коопсуздук системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Азыркы мыйзамдарга ылайык, алар Улуттук банктын менчигинде турат.
Улуттук банктын резервдери канчалык көп болсо, Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруксуздашуу тобокелдиги ошончолук аз болот.

Улуттук банк алтынды жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн сатып алат. Андан кийин алтындан түрдүү салмактагы өлчөнгөн куймаларды жана салмагы ондон отуз килограммга чейинки стандарттык куймаларды даярдайт.

Эмне үчүн алтын валюталык резервдерди тышкы карызды төлөөгө иштетсе болбойт?
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумушу конституциялык мыйзам менен жөндөлөт. Ошол мыйзамда Улуттук банк мамлекеттин милдеттемелери үчүн жоопкер эместиги, өз кезегинде мамлекет Улуттук банктын милдеттемелери боюнча жоопкерчилик албай тургандыгы боюнча жобо бекитилген.
Алтын валюталык резервдердин эсебинен тышкы карызды төлөө өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулук үчүн чоң тобокелдик жана коркунуч жаратат жана аракеттеги мыйзамдарга түздөн-түз каршы келет. Улуттук банк үчүн профилдүү болбогон долбоорлорду каржылоо да ушундай эле кесепеттерге алып келет.
Эгерде Улуттук банкта тышкы экономикалык термелүүлөргө же валюта рыногундагы спекуляция аракеттерине убагында жооп берүүгө жетиштүү ресурстар болбой калса, анда сомдун туруктуулугу бузулат. Бул өлкөдөгү кырдаалга олуттуу кесепетин тийгизет. Инфляция жогорулайт, албетте, баалар өсөт, сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Тышкы карызды тейлөө жагында кыйынчылыктар жаралат. Баса, тышкы карыз да өсөт жана бул мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз таасир этет. Товар менен тейлөө баасынын өсүшүн компенсациялаш үчүн калкка социалдык төлөмдөрдү жогорулатууга мүмкүнчүлүк болбосо, абал өтө оорлошот. Адамдар тез арада жакырланып, социалдык чыңалуу күчөйт.
Анын үстүнө мыйзам боюнча акча-кредит саясатын натыйжалуу жүргүзүү аркылуу экономикадагы туруктуулукту камсыздоо Улуттук банктын негизги максаты экенин унутпашыбыз керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Расул ГАМЗАТОВ: “Чыңгыз Айтматовго”

Кудуреттүү сөз күчүнө жан салып, Кымызды эмес, куйчу каркыт шыңгысын, Жашоо сонун, мен кайрадан таң калып, Салам айтам сага досум Чынгызым! Майрамыңа учуп келдик алыстан, Жылдыз жанган сааттарыңа бат эле, Бир кайгыны жашыра албайм азыр да, Болбогонго арабызда ата энең. Сени өстүргөн энекеңдин алдында, Ойлор басып таазим кылып жатамын, Көлөкө […]

Сизге жагышы мүмкүн