“Алтын бутса” сыйлыгы өз ээсин тапты

Автор

Англия курамасынын капитаны Гарри Кейн Европа футболунун 2023/24 сезонунун жыйынтыгында эң мыкты бомбардир катары сыйлыкка татыктуу болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы чабуулчу жыл сайын Европанын улуттук чемпионаттарында эң мыкты бомбардирге ыйгарыла турган Европанын алтын бутсасынын ээси болду.
Сыйлык тапшыруу аземинде “Мен өткөн сезондо кандай маанайда баштасам, ошол эле маанайда уланткым келет, бирок эң негизгиси – биз кубокторду утуп алышыбыз”, – деди Кейн
Кейн 2000-жылы Кевин Филлипстен бери бул сыйлыктын биринчи англиялык лауреаты болуп саналат.
Эске салсак, бир жыл мурун Кейн Тоттенхэмди таштап, Баварияга өтүүнү чечкен. Мюнхендеги дебюттук сезонунда Гарри бардык мелдештерде клуб деңгээлинде 44 гол киргизди, анын ичинде Бундеслигада 36 гол тепкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Павел Дуров 5 миллион евро күрөөгө бошотулду

Париждин соту Telegram негиздөөчүсү Павел Дуровго алты пункт боюнча айып койду. Ага чейин полицияда ал 12 пункт боюнча сурак берген. Айып коюлган соң сот ишкерди көзөмөлгө коюп, 5 миллион күрөө менен бошотту жана жумасына эки жолу полицияга баруу милдеттенмесин жүктөдү. Ага Франция аймагынан чыгууга тыюу салынды. Telegram боюнча жүргүзүлгөн тергөө […]

Сизге жагышы мүмкүн