Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.
Анын айтымында ,быйылкы Олимпиада жылында спортчулардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. “Биз спорттун 11 түрү боюнча 29-30 жолдомо алууну пландап жатабыз. Азыркы учурда 6 жолдомо алынган”, -деди