Алматы акими өрттөн каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Автор

Алматы шаарынын мэри Ерболат Досаев Аккенттеги өрттүн кесепетинен жакынын жоготкон Бекмухаметовдордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Аккент кичи районунда өрт
1-августта Алматыда Аккент кичи районундагы 16 кабаттуу үй өрттөнгөн. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда терезеден секирип түшкөндөрдү, аял кичинекей баланы терезеден ыргытып жибергенин көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар департаменти өрттүн кесепетинен 30га жакын адам жабыркаганын билдирген. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканаларга 37 адам жеткирилгенин, 4 бейтап балдар ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын тактады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда ат күрөшү боюнча биринчи чемпионат өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу сентябрь айында  ат күрөшү боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу  парламентте өткөн жыйында  спорттук иш-чараны   өткөрүү маселеси каралды. Жыйынга Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев менен Спорт жана дене тарбия департаментинин директору Айбек Абдымомунов катышты. Маалыматка ылайык, буга чейин Казакстандын Алматы шаарында 9 мамлекеттин башын бириктирген Бүткүл дүйнөлүк ат […]

Сизге жагышы мүмкүн