Жер титирөөдөн кийин Алматы шаарынын тургундары көчөгө чыгып, батирлерине жана үйлөрүнө кайтууга шашылган жок. Айрым тургундар дароо эвакуация пункттарына жөнөштү. Алматы полициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бардык университеттерде сабактар токтотулду.
Дүйшөмбү, 4-мартта Алматы шаарынын тургундары катуу жер титирөөнү сезип, шаарда сиреналар угулган. Шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, жер титирөөнүн очогу түштүк борбордон 31 чакырым түштүктө Казакстандын аймагында жайгашкан. Алматыда күчү 5 баллга жетти.
Адистер жашоочуларга төмөнкү эрежелерди сактоону сунушташат: 1. сабырдуулукту сактап, дүрбөлөңгө түшпөө; 2. лифтти жана тепкичти колдонбоо, үйдө күтүү; 3. эмеректерден, терезелерден, люстралардан алыс болуу; 4. баш калкалоочу жай табуу же ички дубалдардын бурчунан орун алуу.