Өткөн жуманын аягында Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин туулган күнү Казакстандын “Аль-Фараби” Университетинде белгиленип, атайын илимий конференция уюштурулду. Студенттер жана илимпоздор менен жолугушуу болду. Аскар Акаевди Алмата шаарынын мэри Ерболот Досаев жана аталган университеттин ректору Жансейит Туймебаевдер тосуп алышкан. Дүйнөлүк деңгээлдеги илимпозго канатташ элдин тың чыкмалары сый көрсөтүп жатканы жөн жерден эместир.
Аскар Акаев 10-ноябрда 79 жашка чыкты. Ал учурда Москва шаарында жашайт.