Алмамбет Сариев эки айга камалды

Автор

Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон Алмамбет Салиев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алмамбет Салиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда.
Сот УКМКнын тергөөчүсүнүн камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу өтүнүчүн канааттандырып, 2024-жылдын 4-ноябрына чейин тергөө абагында камоо чечимин чыгарды.

Бөлүшүү:
Next Post

Аскар Акаев ЖКнын чечими боюнча комментарий бербейт

Жогорку Кеңеш экс-президенттин статусун калыбына келтирүү боюнча Аскар Акаевдин арызын карап, депутаттар экс-президент макамын кайтаруудан баш тарткан. Бул тууралуу комментарий берүүдөн Аскар Акаеев баш тарткандыгын Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды. “Мен парламенттин иши жана чечими боюнча комментарий бербейм”, — деген ал. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жалпы жыйынында Аскар Акаевдин […]

Сизге жагышы мүмкүн