Алмаз Турганбаев Транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

Автор

Алмаз Турганбаев транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Жаңы орун басарды министрликтин эмгек жамаатына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Данияр Эркимбаев менен ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев тааныштырды.
Абсаттар Сыргабаев Алмаз Тургунбаевдин ишине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандагы эң мыкты мектеп аныкталды

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” болуп аныкталды Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, республикалык тандоо 5 этаптан туруп, жалпы 122 мектеп катышты. Тандоо Кыргыз Республикасынын мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн