Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин метродо бараткан видеосу тууралуу уулу Кадырбек Атамбаев түшүндүрмө берди.
“Биз атам экөбүз ооруканага баратканбыз. Билесиңер, атам азыр омурткасынан аябай жабыркап жүрөт. Мындан улам дарыгерлер атамдын жөө жүрүүсү керектигин айтышкан. Жээнбековдун убагында түрмөдө жатып, запкы көргөн жана оор шарттарда кармалып турган. Учурда дарыланып, жалпы текшерүүдөн өтүүдө”.
Алмазбек Атамбаев учурда Испанияда дарыланып жатканы айтылып келет.