Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев ар кандай атайын чыгымчылдыкка түрткөн посттор жарыяланып жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, интернет желесине тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт.
«Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт. Провокацияга алдырбагыла туугандар! Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар кана уюштурушу мүмкүн. Биздин мамлекетибизге туруктуулук керек. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам!»,-деп жазды ал.