Мурдагы төрага Талант Мамытов коррупционер делген Раимбек Матраимов менен дос экенин, анын жан жөкөрлөрүн өзүнө консультант жана жардамчы кылып иштетип жүргөнүн, ал эми тууган уругун Матраимов аркылуу Бажыга ишке киргизгенин Али Токтакунов билдирип, бул боюнча изилдөөлөр жарыяланганын айтты. Ал Матраимовдун мафиясына катуу сокку урулганын эскертип, “бул клан биротоло күм – жам болду. Бирок, токтоп калбай жоопкерчиликке тартуу керек. Анткени, башка дагы мафиялар бар, алар менен күрөштү улантуу зарыл”,- деди.