“Раимбек Матраимовдун бир тууган кайниси “Манас аба майданында жана “Кыргыз Темир жол” мамлекеттик ишканасында иштеп кеткен Искендер Тургунов деген жигит учурда ИИМдин акчаны адалдоого каршы чоң кызматта иштейт”. Мындай маалыматты “Media Hub” агенттигинин негиздөөчүсү журналист Али Токтакунов билдирди.
“Көрбөйсүңөрбү, кимдин колуна кызматтарды берип жатабыз. Буларды кызматтан алып эле койбостон уурдаган акчаларын мамлекетке төктүрүш керек”,- деген ал.